Ошто сел кесепеттерин жоюуга 500дөн ашуун адам, 80ден ашуун техника тартылды

Ош облусунда сел кесепеттерин жоюуга 500дөн ашуун адам, 80ден ашык техника тартылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен эске салышкандай, аймакта 20-21-апрелде нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүргөн.

 

Анын кесепетинен 1 адам каза болуп, үйлөрдү суу каптап, унаа жолдор жабылган. Облуста өзгөчө кырдаал жарыяланган.