Жалал-Абадда дагы 40тан ашык турак жайды сел каптады

21-апрелден тарта Жалал-Абад облусунда жааган жамгырдан улам Ноокен районунун Момбеков айыл өкмөтүнүн Бостон айылында кокту-колотордон чогулган сел суулары 42 турак жайды каптап, үч үйдүн ичине кирип кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

 

Мындан тышкары, сел Бишкек – Ош автоунаа жолунун 510-чакырымында унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жаратты.

 

Буга чейин ушул эле райондун Эски Кочкор-Ата айылынын тургундарына кооптуу абал жаралып, мындан улам, 300 үйдүн жашоочулары коопсуз жайга көчүрүлүп жаткан.