Жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашкан салык төлөөчүлөр 1-апрелден тарта электрондук эсеп-фактураны колдонууга милдеттүү

Жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашкан салык төлөөчүлөр 1-апрелден тарта электрондук эсеп-фактураны колдонууга милдеттүү.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, бул боюнча Министрлер кабинетинин токтому бекитилди.

Товарларды экспорттоодо эсеп-фактура өлкө аймагынан товарлар ташып чыгарылганга чейин таризделет.

Эске салсак, 2020-жылдын 1-июлунан баштап кошумча нарк салыгын төлөөчүлөр, ошондой эле товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар электрондук эсеп-фактураны милдеттүү түрдө жүргүзүшөт.