Бала-Саруу ГЭСинин үч агрегаты тең май айында ишке кирет

Бала-Саруу ГЭСинин үч агрегаты тең 17-майда ишке кирет. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

 

Таластагы ГЭС Киров суу сактагычынын ушул кезге чейин пайдаланылбай келген ресурстарын эффективдүү колдонууга мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.

 

Эске салсак, Киров суу сактагычындагы ГЭСтин кубаттуулугу 25 мегаватты түзөт. Ал жылына 92 миллион киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгат.