1-январдан тарта Россияда жеңил өнөр-жай товарларын милдеттүү түрдө маркировкалоо киргизилет

1-январдан тарта Россияда жеңил өнөр-жай товарларын милдеттүү түрдө маркировкалоо киргизилет. Экономика министрлигинен билдиришкендей, кеп булгаарыдан тигилген, токулган кийимдер, пальто, куртка жана башка кийимдердин түрлөрү тууралуу болуп жатат.

 

Ведомство кыргызстандык экспорттоочу ишкерлерге маркировка коддорун алуу маселесин эртелеп чечип алууну сунуштайт.

 

Бул кийинки жылы Россияга товар жеткирүүдө керек болот.