Президенттик шайлоолордун жана референдумдун бюллетендери 2-январга чейин даяр болот.
Бул тууралуу БШКнын басма-сөз кызматынан билдиришти. Андан кийин документтер шайлоо тилкелерине жеткирилет.
Белгилеп кетүүчү нерсе, жалпысынан учурда басмаканаларда 7 миллиондон ашык бюллетень басылууда. Анын бир бөлүгү президенттик шайлоолорго болсо, калганы референдумга болот. Эске салсак, добуш берүү 10-январга белгиленди.