Бишкек-Ош жолундагы Көлбаев туннелинде убактылуу чектөөлөр киргизилет

Бишкек-Ош жолундагы Көлбаев туннелинде убактылуу чектөөлөр киргизилет. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, 30-сентябрга чейин туннелдин ичине видеокамералар орнотулат.

 

Андыктан, эртең мененки саат 8ден 9 жарымга чейин жана күндүзгү саат 2ден 3 жарымга чейин унаалар өткөрүлбөйт. Айдоочуларга түшүнүү менен кабыл алуу сунушталат.