Кыргызстанда 156 жеке нотариустун ишмердүүлүгү текшерилет

Кыргызстанда 156 жеке нотариустун ишмердүүлүгү текшерилет. Юстиция министрлигинен билдиришкендей, кирип келе жаткан жылы өтө турган текшерүүлөрдүн планы түзүлүп, бекитилди.

 

Ведомстводон белгилешкендей, жеке нотариустар мыйзам чегинде иштөөгө милдеттүү. Эгер кандайдыр бир бузуулар аныкталса, жооптуу жактар жоопкерчиликке тартылат. Эске салсак, Кыргызстанда нотариустар 4 жылда бир текшерилет.