Бишкектеги Алтын-Ордо конушу газга туташтырылды.
Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынан билдиришти.
Калктуу аймакка 25 чакырым газ түтүгү тартылды. Муну менен
1 миң 800 үйгө көгүлтүр от жеткиликтүү болот. Ишканадан белгилешкендей,
жыл аягына чейин Көк-Жар жана Рухий-Мурас конуштарын дагы газга
кошуу пландалууда. Белгилеп кетсек, ушуну менен
Кыргызстан 35 пайызга газ менен камсыз болду.