1-январдан тарта унаалар үчүн алгачкы каттоо жыйымынын өлчөмү жогорулатылды. Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Айнура Үсөнбекова билдирди.
Анын айтымында, тарифтер орточо эсеп менен 15-20 пайызга ымбаттады. Алгачкы каттоонун баасы унаанын түрүнө, кыймылдаткычынын көлөмүнө, чыгарылган жылына жараша ар кандай.
Алсак, 2003-жылкы Honda Odyssey үчүн дээрлик 10 миң сом кетет.