Ысык-Көлдө эс алуу жайлардын курулуш эрежелеринин сакталышы текшерилүүдө

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Ысык-Көл облусундагы пансионат жана эс алуу жайларынын курулуш нормаларынын жана эрежелеринин сакталышын текшере баштады.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, андан тышкары, саркындуу сууларды тазалоочу курулмарын мониторингдөө процесси ишке киргизилди.

«Бир айдын ичинде комиссия Кыргызстандын шаар курууну жана архитектура, экологияны сактоо жаатындагы мыйзамдарынын сакталышы боюнча инвентаризация жүргүзөт.

Аягында текшерүүнүн жыйынтыктары коомчулукка жарыяланат», — деп айтылат маалыматта.