Президент Сооронбай Жээнбековдун Бириккен Араб Эмираттарына болгон расмий сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду

Президент Сооронбай Жээнбековдун Бириккен Араб Эмираттарына болгон расмий сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президент аппаратынан билдиришти. Маалыматка ылайык 6 макулдашууга кол коюлду. Алар билим берүү, маданий кызматташтык, туризм, айыл чарба жана соттолгон адамдарды өткөрүп берүү да бар.

Түркияда Чыңгыз Айтматовдун айкели жана анын атындагы сейил багы ачылды

Түркияда Чыңгыз Айтматовдун айкели жана анын атындагы сейил багы ачылды. Ал Анкара шаарынын Кечиөрен аймагында жайгашкан. ТҮРКСОЙ эл аралык уюму өткөн жылды «Чыңгыз Айтматов жылы» деп жарыялаган. Ушундан улам жыл бою Түркиянын ар тарабында залкар жазуучуга арналган бир канча иш-чаралар өттү. Мындан тышкары, Түркиянын чоң… Кененирээк…

Европа комиссиясы Кыргызстан «кара тизмеден» чыгуусуна кызыктар

Европа комиссиясы Кыргызстан «кара тизмеден» чыгуусуна кызыктар. Бул тууралу Жарандык авиация агенттигинин учуу жарамдуулугуна колдоо көрсөтүү бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, учурда «кара тизмеден» чыгуу үчүн Кыргызстандагы авиациялык эрежелер эл аралык стандартка туураланды. Агенттиктин бюджети көбөйтүлдү жана адистерди дайындоо боюнча эл аралык уюмдар менен келишим түзүлдү.… Кененирээк…

Нарында 5 кабат 60 батирлүү үй эксплуатацияга даяр

Нарында 5 кабат 60 батирлүү үй эксплуатацияга даяр. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотека компаниясынан кабарлашты. Маалыматка караганда, “Ижарадан кийин сатып алуу” механизми Кыргызстанда алгачкы ирет ишке ашууда. Мындай программанын артыкчылыгы баштапкы төлөмсүз, төмөндөтүлгөн ставка менен жылына 6 пайыздык чен аркылуу 15 жылга батир берилет. Ошондой эле… Кененирээк…