Европа комиссиясы Кыргызстан «кара тизмеден» чыгуусуна кызыктар

Европа комиссиясы Кыргызстан «кара тизмеден» чыгуусуна кызыктар.

Бул тууралу Жарандык авиация агенттигинин учуу жарамдуулугуна колдоо көрсөтүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда «кара тизмеден» чыгуу үчүн

Кыргызстандагы авиациялык эрежелер эл аралык стандартка туураланды.

Агенттиктин бюджети көбөйтүлдү жана адистерди дайындоо

боюнча эл аралык уюмдар менен келишим түзүлдү. Белгилеп кетсек,

бул тизмеге Эл аралык жарандык авиация уюмунун талабына жооп бербеген

өлкөлөрдүн авиакомпаниялары кирет. Кыргызстан бул тизмеде 13 жылдан бери жайгашууда.

Учурда «кара тизмеде» Афганистан, Гондурас, Мавритания, Түндүк Корея сыяктуу 30га жакын өлкө бар.