Нарында 5 кабат 60 батирлүү үй эксплуатацияга даяр

Нарында 5 кабат 60 батирлүү үй эксплуатацияга даяр.

Бул тууралуу Мамлекеттик ипотека компаниясынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, “Ижарадан кийин сатып алуу” механизми Кыргызстанда алгачкы ирет ишке ашууда.

Мындай программанын артыкчылыгы баштапкы төлөмсүз,

төмөндөтүлгөн ставка менен жылына 6 пайыздык чен аркылуу 15 жылга батир берилет.

Ошондой эле кыймылсыз мүлк ээси ай сайын ижара акысы соңуна чыкканча төлөп карызынан кутула алат.

Эгер мүмкүн болсо мөөнөтүнөн мурда карызды ири өлчөмдө төлөөгө  укуктуу.