Түркияда Чыңгыз Айтматовдун айкели жана анын атындагы сейил багы ачылды

Түркияда Чыңгыз Айтматовдун айкели жана анын атындагы сейил багы ачылды.

Ал Анкара шаарынын Кечиөрен аймагында жайгашкан. ТҮРКСОЙ эл аралык уюму

өткөн жылды «Чыңгыз Айтматов жылы» деп жарыялаган. Ушундан улам жыл бою

Түркиянын ар тарабында залкар жазуучуга арналган бир канча иш-чаралар өттү.

Мындан тышкары, Түркиянын чоң шаарларында Айтматов атындагы көчөлөр,

маданий борборлор жана сейил бактар бар.

Измир шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы лицей дагы ачылган.