Бишкек мэриясы кытайлык гранттын эсебинен жолдорду кайра калыбына келтирүүнүн экинчи этабына даярдык көрүүдө

Бишкек мэриясы кытайлык гранттын эсебинен жолдорду кайра калыбына келтирүүнүн экинчи этабына даярдык көрүүдө. Шаардык кызматтарга жана башкармалыктарга талаш тилкелердеги объектилердин документтерин текшерүү тапшырмасы берилди.   Эгер уруксаат кагаздары жок болсо, мыйзамсыз курулуштар түрттүрүлөт. Эске салсак, экинчи этаптын алкагында Бишкекте 60 көчө оңдолот. Алардын көбү кеңейтилип… Кененирээк…

Ата-Бейит мемориалдык комплексинин курулушу апрелде жыйынтыкталат

Ата-Бейит мемориалдык комплексинин курулушу апрелде жыйынтыкталат. Мамлекеттик курулуш агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаевдин айтымында, учурда объектиде жер иштетүү жумуштары жүрүп жатат.   Курулуштун жалпы баасы 15 миллион сомду түзөт.

Ысык-Көлдүн Бостери айылында жаңы электр өткөрүү линиясы колдонууга берилди

Ысык-Көлдүн Бостери айылында жаңы электр өткөрүү линиясы колдонууга берилди. Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын колдонуу мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, аталган айылда 2012-жылдан тарта резервдик линия жок.   Андан улам,  Бостеринин 600дөн ашык керектөөчүсү жарыгы жок калуу коркунучунда турган. Курулуш иштер жыйынтыкталды, 86 темир бетонндук мамылар тургузулуп, … Кененирээк…

Бажы кызматкери аткезчиликке шектелип кармалды

Бажы кызматкери аткезчиликке шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, милиция Мамлекеттик бажы кызматынын ички коопсуздук кызматы менен биргеликте жалпы суммасы 253  миң долларлык тамекини уруксатсыз бажы транзитине киргизүү фактысын аныктаган.   Бул факты боюнча мамлекеттик бажы кызматынын  38… Кененирээк…

Юридикалык жактарды онлайн каттоо системасы эми өлкөнүн бардык аймактарында жеткиликтүү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо системасы эми өлкөнүн бардык аймактарында жеткиликтүү. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Ага ылайык, маалыматтык жаңычылдык  арыздарды автоматташтырып, “Түндүк” системасына каттайт.   Бул үчүн жаранда биометрикалык паспорт, смарт-карта жана интернеттин болушу жетиштүү.

Былтыр өлкөнүн мамлекеттик карызын тейлөөгө 28 миллирад сом жумшалды

Былтыр өлкөнүн мамлекеттик карызын тейлөөгө 28 миллирад сом жумшалды. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинде мамлекеттик тышкы жана ички карыздар тейленди.   Ведомстводон белгилешкендей, мамлекеттик бересени тейлөө өз убагында жана толук көлөмдө жүргүзүлүп жатат.

Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Түркияда өткөн эл аралык мелдеште алтын медаль утту

Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Түркияда өткөн эл аралык мелдеште алтын медаль утту. Мекендешибиз 62 килограмм салмак категориясында күч сынашты. Ал финалдык беттеште азербайжандык Татьяна Омельченко менен беттешип, биринчи бөлүктү 5:0 эсеби менен жыйынтыктаса, экинчи бөлүк башталгандан бир мүнөт өтпөй атаандашынын далысын жерге тийгизип таза жеңишти… Кененирээк…

Бишкектин борборунда жөө жүрүүчүлөр аймагы жана веложолчолор пайда болот

Бишкектин борборунда жөө жүрүүчүлөр аймагы жана веложолчолор пайда болот. Мэриянын маалыматына ылайык, Чүй проспектисинде Абдрахманов көчөсүнөн Манас проспектисине чейин узундугу 1,8 чакырымга жеткен тротуар жана веложол курулат.   Жөө адамдар басчу дагы бир тилке Чыңгыз Айтматов — Манас проспектисинде  пайда болот. Анын узундугу 3,7 чакырым.… Кененирээк…

Баткен районундагы Көк-Таш айылынын тургундары бууп турган Ош-Баткен-Исфана жолу ачылды

Баткен районундагы Көк-Таш айылынын тургундары бууп турган Ош-Баткен-Исфана жолу ачылды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу.   Бирок чыңалуу сакталып турат. Буга чейин Көк-Таш айылынын алты тургунун чек арадагы кырдаалды курчутууга аракет кылды деген шек менен милиция… Кененирээк…

Баткендин Көк-Таш айлында мектепке жайгаштырылгандар үйлөрүнө кайтты

Баткендин Көк-Таш айлында мектепке жайгаштырылгандар үйлөрүнө кайтты.  “Азаттык” билдиргендей, 254 адам үйлөрүнө тарады.  Бүгүн мектепте окуу процесси башталат. Эске салсак, 10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында жаңжал катталып, кыргыз тарапка ок атылган.   Көк-Таш айылынын тургундары коопсуз жайга чыгарылып, айылдагы мектепке жайгаштырылган. Алардын көпчүлүгү жаш… Кененирээк…