Ысык-Көлдүн Бостери айылында жаңы электр өткөрүү линиясы колдонууга берилди. Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын колдонуу мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, аталган айылда 2012-жылдан тарта резервдик линия жок.
Андан улам, Бостеринин 600дөн ашык керектөөчүсү жарыгы жок калуу коркунучунда турган. Курулуш иштер жыйынтыкталды, 86 темир бетонндук мамылар тургузулуп, 3 чакырымга созулган электр линиялары тартылды.