Бажы кызматкери аткезчиликке шектелип кармалды

Бажы кызматкери аткезчиликке шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, милиция Мамлекеттик бажы кызматынын ички коопсуздук кызматы менен биргеликте жалпы суммасы 253  миң долларлык тамекини уруксатсыз бажы транзитине киргизүү фактысын аныктаган.

 

Бул факты боюнча мамлекеттик бажы кызматынын  38 жаштагы өкүлү  кармалды. Шектүү Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Иш сотко чейинки өндүрүшкө алынды.