Өзбекстандын өкмөтү отставкага кетти
Өзбекстандын өкмөтү отставкага кетти. Маалыматка караганда, өлкөнүн Конституциясына ылайык, жаңы парламент шайланганда жаңы премьер-министр дайындалат. Президент Шавкат Мирзиёевдин чечимине ылайык, Абдулла Арипов жаңы өкмөт дайындалганга чейин ишин улантат. Парламент жаңы премьер-министрдин кызматына талапкерлерди бүгүн карайт.