Өзбекстандын өкмөтү отставкага кетти. Маалыматка караганда,
өлкөнүн Конституциясына ылайык, жаңы парламент шайланганда жаңы
премьер-министр дайындалат. Президент Шавкат Мирзиёевдин чечимине ылайык,
Абдулла Арипов жаңы өкмөт дайындалганга чейин ишин улантат.
Парламент жаңы премьер-министрдин кызматына талапкерлерди бүгүн карайт.