Кыргызстандын алдыңкы спортчуларына өтүп кеткен жылы стипендия катары 36 миллион сомдон ашык берилди

Кыргызстандын алдыңкы спортчуларына өтүп кеткен жылы стипендия катары 36 миллион сомдон ашык берилди. Орточо эсеп менен ай сайын акчаны 123 атлет алып жатты.   Каражаттын басымдуу бөлүгү олимпиадалык, паралимпиадалык жана сурдолимпиадалык спорттун түрлөрүнө берилди. Белгилеп кетсек,  75 миң сомго барабар 1-категориядагы стипендияны Денис Петрашов, Айсулуу… Кененирээк…

Кыргызстанда “акылдуу эсептегичтер” 2024-жылга чейин орнотулат

Кыргызстанда “акылдуу эсептегичтер” 2024-жылга чейин орнотулат. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин төрагасы Айтмамат Назаров билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлко аймагында 215 миң жабдуу орнотулду.   Быйыл дагы 300 миң эсептегич орнотуу пландалууда. Белгилеп кетсек, “акылдуу” эсептегичтер электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында жүргүзбөгөн керектөөчүлөрдү жарыктан… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга байланыштуу Тажикстандын алты жаранына Кыргызстандын аймагында издөө жарыяланды

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга байланыштуу Тажикстандын алты жаранына Кыргызстандын аймагында издөө жарыяланды. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирди.   Анын айтымында, алар чек арадагы чыр-чатактарга катышып, кыргызстандыктардын мүлкүнө зыян келтирген. Эске салсак, 10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, кыргыз… Кененирээк…

Сокулук районунда жол кырсыгы 3 адамдын өмүрүн алды

Сокулук районунда жол кырсыгы 3 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн эртең менен жеңил машиненин айдоочусу Бишкек-Кара-Балта каттамындагы маршруттук такси менен кагылышты.   Соккудан жеңил унаанын айдоочусу жана эки жүргүнчүсү ошол жерден жан берди. Дагы 7 адам… Кененирээк…

Өлкөнүн волейбол боюнча мелдешинин жаңы сезону 25-январда башталат

Өлкөнүн волейбол боюнча мелдешинин жаңы сезону 25-январда башталат. Бул тууралуу аталган спорт түрү федерациясынан билдиришти. Жаңы сезондо эркектер арасында мелдештер улуттук жана жогорку деп эки лигада өтөт. Улуттук лигада 8 ал эми жогорку лигада 12 команда күч сынашмакчы. Аталган турнир Ош шаарында өтөт, — дешти… Кененирээк…

Өрттүн кесепетин тартып жаткан Австралияны кумдуу бороон чулгады

Өрттүн кесепетин тартып жаткан Австралиянын Жаңы Түштүк Уэльс штатын кумдуу бороон чулгады. Куюн калктуу конушту каптап, турак жайларды жана жолду жаап калган. Жергиликтүү ММКлардын маалыматында, мектептин имараты талкаланды. Ага катар Виктория штатында чоң мөндүр жаап, бир нече имаратты зыянга учуратты. Эске салсак, Жаңы Түштүк Уэльс… Кененирээк…

Кыргызстанда чыгарылган төлөм карталарынын саны 3 миллионго жетти

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда чыгарылган төлөм карталарынын саны 3 миллионго жетти же 21 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка караганда, былтыр төлөм карталарын пайдалануу операциясынын көлөмү 240 миллиард сомго жакын каражатты түзүп, 2018-жылга салыштырмалуу 22 пайызга өскөн. Орнотулган банкоматтардын саны 1 миң 700… Кененирээк…

Инклюзивдик билим берүү шарттары кеңейтилет

Инклюзивдик билим берүү шарттары кеңейтилет. Жогорку кеңеште тиешелүү комитет өзгөртүүлөрдү карады. Анда майыптыгы бар балдарга билим берүү маселелери боюнча сунуштар камтылды. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга арналган атайын 14 мектеп бар. Аларды каржылоого жылына 300 миллион сомдон ашык каражат керектелет. Анын ичинде мугалимдердин айлыктары да камтылган. Атайын… Кененирээк…

Кыргызстандын орто кесиптик адистиктерине жаңы стандарттар киргизилди

Кыргызстандын орто кесиптик окуу жайларынын айрым кесиптик адистиктерине жаңы стандарттар киргизилди. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин маалымат кызматы билдирет. Талаптарга ылайык, эми бүтүрүүчүлөр өзүнүн адистиги боюнча негизги концепция жана технологияларды билүүгө тийиш. Мындан сырткары, стандарттык кесиптик көйгөйлөрдү чечүүдө, тапшырмаларды аткарууда жоопкерчиликти өзүнө алууну билиши керек.… Кененирээк…

Украинада мышыктарды кучактоочулар ваканциясы ачылды

Украинанын Черкассы шаарындагы ветеринардык клиникалардын биринде мышыктарды кучактоочулар ваканциясы ачылды. Стационардык клиникада ар дайым 10дой мышык жайгашып, аларга көңүл буруу жетишпей келет. Адам мышыктарды сылап, позитивдүү көңүл бурса жаныбардын стресстеги абалы жакшырат дешти дарыгерлер. Клиникадан белгилешкендей, бош орундарга кызматкерди кабыл алууда жаныбарларга сүйүүсүнүн күчтүүлүгү негизги… Кененирээк…