ЕАЭС аймагында 100 миң доллардан ашык каражат ташып жүрүүдө,
акчанын кайдан пайда болгондугу тууралуу маалымат болушу керек.
Бажы кызматынан билдиришкендей, норма ушул жылдын 4-февралында күчүнө кирет.
Тиешелүү документ Евразия экономикалык жыйынында кабыл алынды.
Бажы кызматынан белгилешкендей, катталган сумма тууралуу маалымат берилбесе,
ЕАЭС аймагына каражат кое берилбейт.
Ошондой эле декларация толтуруу зарылдыгы өзгөрүүсүз сакталмакчы.