Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш ишине шектелгендердин саны 19 адамга жетти.
Бул тууралуу айыпталуучулардын жактоочуларына таянуу менен 24 агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка караганда, алгач 12 киши айыпталып жаткан. Шектүүлөрдүн арасында
8-августта Кой- Таш менен Арашан айылдарынын тургундары да бар.
Кылмыш ишинин томунун саны 80ге жетти, — деп билдиришти юристтер.
Буга чейин материалдар 50 томдон турат деп кабарланган.