Кыргызстан коронавируска шектүү анализдерди Лондондун лабораториясынан  текшертет

Кыргызстан коронавируска шектүү анализдерди Лондондун лабораториясынан  текшертет. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Назира Артыкова билдирди.   Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстан коронавируска каршы чараларды күчөттү. Чек арадагы өткөрмө бекеттерде сырттан келгендер текшерилүүдө, карантиндик аймактар пайда болуп, убактылуу обсерваториялык жайлар… Кененирээк…

Дүйнөдөгү ээ эң келишимдүү мырзалар аныкталды

Дүйнөдөгү ээ эң келишимдүү мырзалар аныкталды. Рейтингдин лидери Роберт Паттинсон болду. Математикалык формулага ылайык анын жүзүнүн түзүлүшү 92 пайыз идеалга жакын. Ал эми тизменин экинчи сабына актер Генри Кавилл жайгашты. Ошондой эле үчилтикти таанымал актер Бредли Купер бекитти. Мындан тышкары рейтингдин кийинки орундарында Бред Питт… Кененирээк…

Бишкекте түштүк менен түндүктү байланыштырган веложолчо пайда болот

Бишкекте түштүк менен түндүктү байланыштырган веложолчо пайда болот. Бул тууралуу АКИpress агенттигине вице-мэр Мирлан Амантуров билдирди. Анын айтымында, веложолчо Түштүк магистралдан Чынгыз Айтматов проспектиси менен Чүй проспектисине чейин, андан Абдрахмановго чейин өтүп, Байтик Баатыр көчөсү аркылуу Түштүк магистралга чейин салынат. Ал 1-июнда эксплуатацияга берилип калат.… Кененирээк…

УКМК телефондук сүйлөшүүнү жана соцтармактагы билдирүүлөрдү жазып албайт

УКМК телефондук сүйлөшүүнү жана соцтармактагы билдирүүлөрдү жазып албайт. Бул тууралуу мекемеден билдиришти. Коопсуздык кызматы, социалдык тармактарда алардын басма-сөз кызматынын атынан жалган маалымат таркатылып жатканын белгилейт. Мындай маалымат чындыкка дал келбей, «фейк» катары бааланат. Учурда аны тараткандарды аныктоо боюнча текшерүү иштери жүрүүдө, -дешти мекемеден.

Жуманын аягына чейин жаан-чачын күтүлбөйт

Жуманын аягына чейин жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымат таратты. Анда ушул жума бою күн сайын температура мамычалары жогорулап турат. Мисалы бүгүн жана эртең Бишкекте күндүз 9 градуска чейин жылыйт. Жума күнү  абанын табы 12 градуска чейин жогорулашы күтүлүүдө. Ал эми дем алыш күндөрү аба-ырайы… Кененирээк…

ЕАЭБде акчаны киргизүү жана чыгарууда жаңы эреже күчүнө кирди

Евразиялык экономикалык бирикменин аймагына киргизилген жана чыгарылган акчанын суммасы 100 миң доллардан ашкан учурда каражаттын кайдан келип чыкканын көрсөтүүнү талап кылынган эреже күчүнө кирди. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын сайтында жарыяланды. Бул ченем кечээтен тарта иштей баштады. Буга чейин Мамлекеттик бажы кызматы акча киргизип чыгарууда… Кененирээк…

АКШнын зоопаркына барган туристтер пилдердин кызгануу окуясына күбө болушту

АКШнын Калифорния штатындагы Сан-Диего зоопаркына барган туристтер пилдердин кызгануу окуясына күбө болушту. Видео YouТube каналына жарыяланган. Роликтен пилдин баласы досунун жанына барганын көрүүгө болот. Кичинекей пилдер бири-бири менен ойногусу келгендей сыяктанат. Бирок баласын кызганган алп жаныбар кичинекей пилди түртүп, дөңдөн ары тоголотуп жиберген. Ары жактан… Кененирээк…

Ак-Суу районунун Токтогул айылында 60 орундуу бала бакча ачылат

Ак-Суу районунун Токтогул айылында 60 орундуу бала бакча ачылат. Бул тууралуу “Турмуш” басылмасына айыл өкмөт башчы Талапкер Сыдыкбеков билдирди. Анын айтымында, айыл өкмөттүн имараты ондоп-түзөөдөн өткөрүлүп, мектепке чейинки даярдоо мекемесине ыңгайлаштырылды. Буга чейин айылда бала бакча жок болчу. 52 бөбөк 3 сааттык бакчада тарбияланып келген.… Кененирээк…

Бишкектеги Чүй-Ауэзов көчөлөр кесилишиндеги жол жазында оңдолот

Бишкектеги Чүй-Ауэзов көчөлөр кесилишиндеги жол жазында оңдолот. Мэриядан билдиришкендей, жолдун үстүнкү катмарын толугу менен жаңыртуу пландалып жатат. Учурда аба-ырайынын начар шарттарынан улам ремонттук иштерди жүргүзүү мүмкүн болбой жатат. Белгилеп кетсек, буга чейин Чүй-Ауэзов көчөлөр кесилишиндеги жолдун абалына социалдык тармактын колдонуучулары бир нече ирет арызданып келишкен

Кыргызстанга Россиядан адамдагы вирусту тез арада аныктоочу реагенттер алынып келди

Кыргызстанга Россиядан адамдагы вирусту тез арада аныктоочу реагенттер алынып келди. Ал каражаттар 500 жолу вирусту аныктоого жетет. Өлкөдө бул медициналык каражатка тартыштык жок. Учурда Кытайдан келген бардык жарандар текшерүүдөн өтүп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди. Акыркы маалыматтарга караганда,… Кененирээк…