Кытайдын Ухань шаарында калган кыргызстандык студенттерге жардам көрсөтүлдү

Кытайдын Ухань шаарында калган кыргызстандык студенттерге жардам көрсөтүлдү. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, биздин өлкөнүн өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери алардын жатаканасына азык-түлүк жеткирип берди.

 

Андан тышкары, Кытайдын башка аймактарынан келген кыргызстандыктарды Үрүмчүдө жайгашуусуна көмөк көрсөтүлүүдө. Дипломатиялык өкүлчүлүк күнү-түнү иштеп жатат. Жарандарга кырыгз-кытай чек арасы жана аба каттамдар тууралуу маалыматтар берилүүдө.