Бүгүн Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясын берүү чектелет
Бүгүн Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясын берүү чектелет. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, жарык эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин Токомбаев, Садырбаев, Айни, Фрунзе, Курманжан Жатка, Салиева көчөлөрүндө, Жал, 10-кичи райондордо, Новопокровка, Аламүдүн, Таш-Дөбө, Арашан айылдарында жок болот. Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.