Аба-ырайы кескин өзгөрүлгөндүктөн, тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 10-13-февраль аралыгында жаан-чачынга байланыштуу, Бишкек-Ош, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Ала-Бука-Каныш-Кыя жолдорунда, Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында жана Чычкан капчыгайында кар массалары түшүшү мүмкүн.
Айдоочулар этият болуп, унаалар ортосундагы 500 метрлик аралыкты сактоосу кажет.