Бишкекте финансылык пирамида аныкталды

Бишкекте финансылык пирамида аныкталды. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдиргендей, жеке компания WhatsApp мессенджери аркылуу оңой жумуш жана жогорку маяна тууралуу жарнамаларды жарандарга жиберип турган. Анда жумушка киргиси келген адам 3 миң сом берип, дал ушундай эле каражат жана белектерди алып келе турган… Кененирээк…

Бишкекте коомдук жерлерди көрктөндүрүү иштери башталды

Бишкекте коомдук жерлерди көрктөндүрүү иштери башталды. Мэриядан билдиришкендей, учурда Манас — Рыскулов көчөлөр кесилишинде курулуш иштери жүргүзүлүп жатат. «Тазалык» ишканасынын 40ка жакын кызматкери 4 миң чарчы метр жерге таман таш төшөп, бордюрларды орнотууда. Жакында ал жерде 30 отургуч жана 9 таштанды челектери пайда болот. «Тазалыктын»… Кененирээк…

Кара-Суу районунда 225 орундуу мектептин курулушу башталды

Кара-Суу районунда 225 орундуу мектептин курулушу башталды. Маданият айылындагы 2 кабаттуу мектеп Сауд Арабиянын өнүктүрүү фондунун эсебинен каржыланып жатат. Билим берүү мекемесинин курулушунун тендердик баасы 891 миң долларды түздү. Жаңы мектеп имараты ушул окуу жылында окуучуларга каалгасын ачып калат.

Карта ала албай калган пенсионерлер автобус, троллейбустарда акысыз жүрө алышат

Карта ала албай калган пенсионерлер автобус, троллейбустарда акысыз жүрө алышат. Мындай жеңилдик 1-марттан тарта “Электрондук билеттештирүү” системасы ишке киргенден кийин каралат. Вице-мэр Татьяна Кузнецова билдиргендей, пенсионерлерге кызыл түстөгү “Тулпар” карталарын 10 түйүндөн алуу жеткиликтүү. Ушул жуманын аягына чейин дагы 8и ачылат. Белгилеп кетсек, ордо калаада… Кененирээк…

12-марттан тартып шайлоонун алкагында үгүт иштери башталат

12-марттан тартып шайлоонун алкагында үгүт иштери башталат. Бул тууралуу Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Анын айтымында, Ошто БШКнын ресурстук-маалыматтык борбору ачылат. Аталган борбордо аймактык шайлоо комиссияларынын кызматкерлери жана ыктыярчылары окутулат. Анда шайлоо, демократиялык башкаруу формасы, парламент жана жергиликтүү бийлик органдары тууралуу кеңештер берилет. Ошто жалпысынан… Кененирээк…

Мэриянын Спорт башкармалыгы 3 миллион сомду менчиктеп алганы аныкталды

Мэриянын Спорт башкармалыгы бюджеттик 3 миллион сомду өз карамагына кайтарып алганы аныкталды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдиргендей, жетекчи жооптуу адамдар менен биргеликте спортчулардын машыгуусун күбөлөндүргөн жасалма документтерди толтурган. Иш жүзүндө машыктыруучулар жана спортчулар катышпаган машыгууларга бюджеттик каражаттан акча сарптаганы аныкталды. Аталган факты кылмыш жана… Кененирээк…

Кой-Таш окуясы боюнча иш сотко жөнөтүлдү

Кой-Таш окуясы боюнча иш сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдиргенин 24 агенттиги жазып чыкты. Маалыматка караганда, 14 адамга кылмыш-жаза кодексинин 11 беренеси боюнча айып тагылды. Ошондой эле кызматташуу боюнча макулдашуу түзүлгөндүктөн 5 адамга карата кылмыш иши өзүнчө бөлүнүп алынды. Ишти Биринчи май райондук соту… Кененирээк…

2020-жылкы Олимпиада оюндары коронавирустун айынан болбой калышы ыктымал

2020-жылкы Олимпиада оюндары коронавирустун айынан болбой калышы ыктымал. Бул тууралуу Эл аралык олимпиада комитетинин мүчөсү Дик Паунд билдирди. Ал белгилегендей, Токиодо өтө турганоюндардын тагдырын чечүүгө 3 ай бар.   Ага чейин коронавирус боюнча дүйнөдөгү абал жакшырбаса, уюштуруучулар оюнду өткөрүүдөн баш тартат. Олимпиада оюндарына быйыл 11… Кененирээк…

Кыргызстан калкын жана турак-жай фондун каттоо үчүн атайын сим-карталар иштелип чыкты

Кыргызстан калкын жана турак-жай фондун каттоо үчүн атайын сим-карталар иштелип чыкты. Бизге Улуттук статистика комитетинен түшүндүрүшкөндөй, 20 миңден ашуун сим-картаны уюлдук операторлордун бири келишимдин негизинде даярдап берди.   Анда Эл каттоо деген тиркеме гана бар. Сим-карта аркылуу чалуулар жана СМСтер кетпейт, анда Интернетке чыгууга мүмкүнчүлүк… Кененирээк…

Чемпиондор лигасы уланууда

Чемпиондор лигасы уланууда. Кечээ турнирдин жарым чейрек финалынын алкагында “Бавария” конокто “Челсини” 3:0 эсеби менен талкалады. Голдорду Серж Гнабри жана Роберт Левандовски киргизди. Дагы бир беттеште “Наполи” менен “Барселона” жолугуп, жеңүүчү аныкталган жок.   Оюн эсеби – 1:1. Голдордун авторлору Дрис Мертенс жана Антуан Гризманн.