Кой-Таш окуясы боюнча иш сотко жөнөтүлдү.
Бул тууралуу Башкы прокуратура билдиргенин 24 агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка караганда, 14 адамга кылмыш-жаза кодексинин 11 беренеси
боюнча айып тагылды. Ошондой эле кызматташуу боюнча макулдашуу
түзүлгөндүктөн 5 адамга карата кылмыш иши өзүнчө бөлүнүп алынды.
Ишти Биринчи май райондук соту карайт — дешти Башкы прокуратурадан.