Бишкекте финансылык пирамида аныкталды

Бишкекте финансылык пирамида аныкталды.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдиргендей,

жеке компания WhatsApp мессенджери аркылуу оңой жумуш жана жогорку маяна тууралуу

жарнамаларды жарандарга жиберип турган. Анда жумушка киргиси келген адам

3 миң сом берип, дал ушундай эле каражат жана белектерди алып келе турган

башка кишилерди табуу талаптары коюлган. Компания белектер ойнотулган

акция жарыялап, утулуп калгандарга акчасы кайтарылат деп алдамчылык иштерди жүргүзгөн.

Буга карата чара көрүүгө 30 жарандан арыз түштү, — дешти кызматтан.