Кыргызстанда жөнөкөй жарандарда коронавирусту текшерүү мүмкүнчүлүгү пайда болот

Кыргызстанда жөнөкөй жарандарда коронавирусту текшерүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги штабдын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдиргендей, учурда өлкө боюнча 9 миңден ашык адам тест-системадан өттү. Алдыңкы 2 күндө юридикалык маселелер чечилет. Анда жол-жоболор жана механизмдер иштелип чыгат. Мындан кийин жарандар жеке медициналык вирусологиялык… Кененирээк…

Өлкө боюнча коронавирус менен жабыркап жатканы тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 6 миң 28

Өлкө боюнча коронавирус менен жабыркап жатканы тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 6 миң 28 (эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө байланышта болгондордун саны өзгөрүшү ыктымал). Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди. Байланышта болду делинген жарандардын ичинде: 1-категориядагы байланышта болгон жактар (жакындар… Кененирээк…

Казакстан Кыргызстанга ун ташууда чектөө киргизди

Казакстан Кыргызстанга ун ташууда чектөө киргизди. Бул тууралуу  вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди. Анын айтымында, буга чейин казак тараптан ун чектөөсүз кирип жаткан, бирок 26-мартта казак өкмөтү убактылуу чектөө киргизгенин жарыялады.   Айына 30 миң тонна гана ун өткөрүлөт. Буга байланыштуу кыргыз тарап Россиядан 100 миң… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирус дагы 4 адамда аныкталды

Кыргызстанда коронавирус дагы 4 адамда аныкталды. Бул туралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабынын өкүлү Касымбек Мамбетов билдирди.   Анын айтымында, алар Жалал-Абад, Сузак райондорунда, Кара-Көл шаарында жана Чүй облусунда катталды. Бири Россиядан келсе, калгандары ооруп жаткандар менен байланышта болгон.   Ушуну менен Кыргызстанда коронавирусту 111… Кененирээк…

Түнкүсүн көчөдө бир да адам болбошу керек

Бишкек комендатурасы түнкүсүн көчөгө бир да адам чыкпагандай болушу керек деп эсептейт. Бул тууралуу 1-апрелде борбор шаардын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.   «Күн сайын 100дөн кем эмес тартип бузуучулар кармалып жатат. Бул жакшы эмес. Биз бул көрсөткүчтү 0гө чейин азайтышыбыз керек. Жарандардын коопсуздугу ушундан көз… Кененирээк…

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев иштен алынды

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев иштен алынды. Тиешелүү буйруктарга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.   Белгилеп кетсек, кечээ өлкө башчы Республикалык штабдын жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишин катуу сынга алган.

Быйыл абитуриенттер окууга онлайн түрүндө кабыл алынышы мүмкүн

Быйыл абитуриенттер окууга онлайн түрүндө кабыл алынышы мүмкүн. Билим берүү министри Каныбек Исаковдун айтымында, кризиске каршы план иштелип чыкты, мындан ары ошонун негизинде иш жүргүзүлүп жатат.   Студенттердин онлайн окутууга катышуусу көзөмөлдөнүп, окутуучулардын ишине мониторинг жүргүзүү зарыл. Бул процессти координациялоо ар бир окуу жайдын ректоруна… Кененирээк…

Азык-түлүктүн бир нече түрүн ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден сырткары чыгарууга тыюу салынды

Азык-түлүктүн бир нече түрүн ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден сырткары чыгарууга тыюу  салынды. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы кабарлады.   Маалыматка  ылайык пияз, сарымсак, буудай, күрүч, гречка, акшак жана бир катар башка азыктарды 30-июнга чейин чыгаруу мүмкүн эмес.  Бул  ЕАЭБ мамлекеттеринин алкагында экономикалык кырдаалды турукташтырууга жардам берет.

Британ ханзаадасы Гарри менен  жубайы Меган Маркл расмий түрдө падышалык үй-бүлөнүн ыйгарым укуктарын өткөрүп беришти

Британ ханзаадасы Гарри менен  жубайы Меган Маркл расмий түрдө падышалык үй-бүлөнүн ыйгарым укуктарын өткөрүп беришти. Ханыша менен түзүлгөн келишим боюнча Гарри менен Меган падышалык титулду колдонушпайт.   Виндзор сепилине жакын жердеги коттежди капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн жумшалган 2,5 миллион фунт стерлингди казынага кайтарып беришет.

Кыргызстанда доллар бир күндө дээрлик эки ппайызга  кымбаттады

Кыргызстанда доллар бир күндө дээрлик эки ппайызга  кымбаттады. Улуттук банктын расмий сайтындагы маалыматка караганда, 31-мартка карата доллар 80 сом 81 тыйын болсо, бүгүн 1-апрелде 82 сом 20 тыйын болду.   Кыргызстанда акыркы үч жылдан бери 69 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар март айында кымбаттай… Кененирээк…