Казакстан Кыргызстанга ун ташууда чектөө киргизди

Казакстан Кыргызстанга ун ташууда чектөө киргизди. Бул тууралуу  вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди. Анын айтымында, буга чейин казак тараптан ун чектөөсүз кирип жаткан, бирок 26-мартта казак өкмөтү убактылуу чектөө киргизгенин жарыялады.

 

Айына 30 миң тонна гана ун өткөрүлөт. Буга байланыштуу кыргыз тарап Россиядан 100 миң тонна буудай алып келүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатат, — деди Асрандиев.