Кыргызстанда доллар бир күндө дээрлик эки ппайызга  кымбаттады

Кыргызстанда доллар бир күндө дээрлик эки ппайызга  кымбаттады. Улуттук банктын расмий сайтындагы маалыматка караганда, 31-мартка карата доллар 80 сом 81 тыйын болсо, бүгүн 1-апрелде 82 сом 20 тыйын болду.

 

Кыргызстанда акыркы үч жылдан бери 69 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар март айында кымбаттай баштады. Алгач 10-мартта үч сомго кымбаттаса, 20-мартта 85 сомго жетип, кайра арзандаган.