АКШда 104 жаштагы карыя коронавирустан айыкты

АКШда 104 жаштагы карыя коронавирустан айыкты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Орегон штатынын жашоочусу, Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери Билл Лапсчис азыркы тапта коронавирусту жеңген эң улуу адам. Ал өзүнүн туулган күнүн, тактап айтканда, 104 жашын 30-мартта белгилеген. Лапсчис Лебон шаарындагы согуш ардагерлери… Кененирээк…

Бишкек — Ош жолунда кар жаады

Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөктө кар жаап жатат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен кабарлашты. Учурда министрликтин жумушчулары жолдорду тазалап, кум жана гравий аралашмаларын чачып жатышат. Ошондой эле атайын техника жолду ары-бери каттоо үчүн ачып койду.   Министрлик аба ырайынын шарттарынан улам жолдор тайгак болорун эскертип,… Кененирээк…

Индияда мечитте жашырынып жүргөн 9 кыргызстандыкты полиция кармап кетти

Индиянын Бангалор шаарындагы мечиттердин бирине жашынып алган «Таблиги Жамаат» диний кыймылынын өкүлдөрү полиция тарабынан кармалды. Алардын арасында Кыргызстандын жарандары дагы бар. Бул тууралуу Times of India басылмасы жазды.   Маалыматка караганда, укук коргоо органдары COVID-19 жугузуп алган «Таблиги Жамаат» кыймылынын мүчөлөрү менен байланышта болгон адамдарды табуу үчүн… Кененирээк…

Филиппин президенти карантин учурунда тартип бузгандарды атып салууну буюрду

Филиппин президенти Родриго Дутерте полиция менен куралдуу күчтөргө карантин учурунда каршылык акциясына чыккандарга карата ок чыгарууну буюрду. Бул тууралуу жергиликтүү Philippine Star гезити жазды.   Басылманын маалыматына караганда, Кесон-Сити шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлө мүчөлөрү жергиликтүү бийликтен азык-түлүк талап кылып каршылык акциясына чыгышкан. Митингдин 20дан ашык катышуучусун… Кененирээк…

Абактарда абал туруктуу, коронавирус катталган жок

Кыргызстандын абак мекемелеринде азыр абал туруктуу, камалгандар арасында «коронавирус жуктурду» деп шектелгендер жок. Бул тууралуу 2-апрелде Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы  кабарлады.   Мекеменин маалыматына караганда, абак кызматкерлери беткап менен камсыз болгон, имараттарды дезинфекциялоо иши үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Медициналык жайларда жана ооруканаларда обсервация бөлмөлөрү даярдалган, № 47… Кененирээк…

Россияда эс алуу күндөрү 30-апрелге чейин узартылды

Россияда эс алуу күндөрү 30-апрелге чейин узартылды. Президент Владимир Путин туз эфир аркылуу элге кайрылуу жасап, коронавируска байланыштуу ишсиз күндөр режимин узартып, айлык төлөнөрүн убадалады.   Эгер эпидемиологиялык абал ага чейин жакшырса, эс алуу кыскартылат.

Кытай Кыргызстанга 21 миң ыкчам тест-система тапшырды

Кытай Кыргызстанга 21 миң ыкчам тест-система тапшырды. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, экспресс-тесттер 20 мүнөттүн ичинде коронавирусту аныктайт.   Бул тесттер Кытайда, Түштүк Кореяда жана башка мамлекеттерде коронавирусту аныктоодо жакшы жыйынтыктарды көрсөткөн, дешти  республикалык штабдан.

Жүк ташуучу унаалар санитардык-карантиндик посттордон эч тоскоолдуксуз өтө алат

Жүк ташуучу унаалар санитардык-карантиндик посттордон эч тоскоолдуксуз өтө алат. Буга чейин уруксат кагазын алуу талап кылынып келген. Чечим республикалык ыкчам штабдын жыйынында кабыл алынды.   Андан белгилешкендей, дары-дармектерди жана социалдык жактан маанилүү товарларды ташыган жүк ташуучу унааларды тоскоолдуксуз өткөрүп, аларга жашыл коридор уюштуруу кажет.

Апрелде пенсия эртерээк берилет

Апрелде пенсия эртерээк берилет. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, бул үчүн “Кыргыз почтасы” мекемесинин кошумча байланыш бөлүмдөрү ачылат.   Пенсия жана жөлөк пулдарды почта кызматкерлери үймө-үй кыдырып, адаттагыдан эртерээк таратышат. Социалдык фонддон белгилешкендей, адатта бул төлөмдөр айдын 10унан 25ине чейин таркатылып келген.

Кыргыз-өзбек  чек арасы аркылуу жарандарды жана транспорт каражаттарын өткөрүү убактылуу токтотулду

Кыргыз-өзбек  чек арасы аркылуу жарандарды жана транспорт каражаттарын өткөрүү убактылуу токтотулду. Маалыматка ылайык, коңшу өлкө аймагындагы кыргызстандыктар чыгып кете алат. Ал эми Кыргызстанда жүргөн өзбек жарандары топтолуп белгиленген бир убакытта гана өтүшү керек.   Айыл чарба азыктары, тамак-аш, калк керектөөчү товарлар менен унаалар, ошондой эле… Кененирээк…