Апрелде пенсия эртерээк берилет. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, бул үчүн “Кыргыз почтасы” мекемесинин кошумча байланыш бөлүмдөрү ачылат.
Пенсия жана жөлөк пулдарды почта кызматкерлери үймө-үй кыдырып, адаттагыдан эртерээк таратышат. Социалдык фонддон белгилешкендей, адатта бул төлөмдөр айдын 10унан 25ине чейин таркатылып келген.