Кыргыз-өзбек  чек арасы аркылуу жарандарды жана транспорт каражаттарын өткөрүү убактылуу токтотулду

Кыргыз-өзбек  чек арасы аркылуу жарандарды жана транспорт каражаттарын өткөрүү убактылуу токтотулду. Маалыматка ылайык, коңшу өлкө аймагындагы кыргызстандыктар чыгып кете алат. Ал эми Кыргызстанда жүргөн өзбек жарандары топтолуп белгиленген бир убакытта гана өтүшү керек.

 

Айыл чарба азыктары, тамак-аш, калк керектөөчү товарлар менен унаалар, ошондой эле транзиттик жүктөр эч тоскоолдуксуз “Достук унаа жолу” жана “Кызыл-Кыя унаа жолу” түйүндөрү аркылуу эки багытта теӊ өткөрүлө берет.