Бишкекте 50 миңден ашык үй-бүлөгө азык-түлүк менен жардам көрсөтүлөт

Бишкекте 50 миңден ашык үй-бүлөгө азык-түлүк менен жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу мэр Азиз Суракматов билдирди. Анын айтымында, азык-түлүк топтомуна ун, макарон, суу май, кумшекер жана күрүч кирет.   Учурда мэрия аз камсыздалгандардын тизмесин түзүп жатат, андан кийин гуманитардык жардамды таратуу иштери башталат. Ордо калаа башчысы… Кененирээк…

Кыргызстанда жашоого зарыл минимум 5 миң 167 сомду түздү

Кыргызстанда жашоого зарыл минимум 5 миң 167 сомду түздү. Жылдын биринчи кварталына карата маалыматты Улуттук статистика комитетинен билдиришти. 2019-жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, көрсөткүч 10,4 пайызга өстү.   Бул өлкөнүн бүт региондоруна тиешелүү. Эске салсак, Улуттук статистика комитети 3 айда бир жашоого зарыл болгон… Кененирээк…

Кыргызстанда элдин бардыгын коронавируска текшерүү мүмкүн эмес

Кыргызстанда элдин бардыгын коронавируска текшерүү мүмкүн эмес. Буга адистер жана лаборатория жетишсиз, — деди Саламаттыкты сактоо министри Сабыржан Абдикаримов.   Анын айтымында, учурда 15 атайын адис жана 10 лаборатория иштеп жатат. Ал эми жеке медициналык мекемелерге өз алдынча тест тапшырууга уруксат бериле элек. Белгилеп кетсек,… Кененирээк…

WhatsApp мессенджеринде билдирүүлөрдү эми бир адамга эле кайра жөнөтсө болот

WhatsApp мессенджеринде билдирүүлөрдү эми бир адамга эле кайра жөнөтсө болот. Жаңы талаптар коронавирус тууралуу жалган маалыматтарды таркатууну алдын алуу максатында киргизилди.   Эксперттер белгилешкендей, дал ушундай учурларда социалдык тармактар жана мессенджерлер дезинформацияга каршы күрөшүүдө жоопкерчиликтүү мамиле жасашы керек.

Бишкекте көчөлөрдү жана жолдорду дезинфекциялоо уланууда

Бишкекте көчөлөрдү жана жолдорду дезинфекциялоо уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, иштер ордо калаанын 4 районунда жана турак-жай конуштарында жүрүп жатат.   “Тазалыктын” кызматкерлери көчөлөрдү, тротуарларды, аялдамаларды, таштанды челектерин жана отургучтарды жууп, тазалашууда. Иштерге 34 жумушчу жана 17 атайын техника тартылды.

Ош облусунда коменданттык саат эрежелерин бузгандарга айып салына баштады

Ош облусунда коменданттык саат эрежелерин бузгандарга айып салына баштады. Ош шаарынын жана Ноокат, Кара-Суу райондорунун коменданты Малик Нурдинов билдиргендей, 10 адам 3 миң сомдон бериши керек.   Андан тышкары, өткөн түнү эки адам мас абалында кармалган. Алардын ар бири жол эрежесин бузуу үчүн 17 миң… Кененирээк…

Аз камсыздалгандарга жардам берүүдө үй-бүлөнүн курамы эске алынат

Аз камсыздалгандарга жардам берүүдө үй-бүлөнүн курамы эске алынат. Социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоровдун айтымында, комиссия үй-бүлөлөрдү эки категорияга бөлдү.   Биринчиси – 5 адамга чейин, экинчиси – 5 адамдан көп. Ар бир категория үчүн азык-түлүк топтому ар кандай берилетю Министр белгилегендей, бүгүнкү күндө “Жардам штабынан”… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавируска каршы күрөш үчүн ачылган атайын эсепке 103 миллион 900 миң сом чогулду

Кыргызстанда коронавируска каршы күрөш үчүн ачылган атайын эсепке 103 миллион 900 миң сом чогулду. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады.   Буга чейин Кыргызстанда атайын эсепке түшкөн каражаттан коронавирус менен күрөшүүгө тартылган медицина кызматкерлерине кошумча төлөм үчүн 38 миллион сом бөлүнгөн.