Бишкектин тургундарына дагы 2 жума үйдө отуруу сунушталат

Бишкектин тургундарына дагы 2 жума үйдө отуруу сунушталат. Ордо калаанын коменданты Алмаз Орозалиев коронавирус жайылып жаткандыгына байланыштуу бишкектиктерден жакынкы эки жумада үйдө болуп турууну өтүндү.   Анын айтымында, сутка ичинде борбор калаада 10 киши коронавирус жуктурганы аныкталып, алгачкы оорулуулар менен байланышта болгондордун инкубациялык убактысы бүттү.… Кененирээк…

Кыргызстанда доллар арзандоосун улантууда

Кыргызстанда доллар арзандоосун улантууда. Бир күндө анын куну 1 сомго түштү. Бүгүнкү күндө америкалык валютаны ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары 81 сом 40 тыйындан сатып алып, кайра 82 сом 30 тыйынга сатышууда.   Эске салсак, доллардын курсу өткөн жумада көтөрүлүп, 85 сомго жеткен. Валюта серпилүүсүн… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунда балдар ооруканасынын инфекциялык бөлүмү жабылды

Жалал-Абад облусунда балдар ооруканасынын инфекциялык бөлүмү жабылды.  Нөөмөттөгү жана илдети аныкталган дарыгерлер менен байланышта болгон  106 медицина кызматкери обсервацияга алынды.   Анализдери алынып, толук жыйынтыгы чыга элек. Эске салсак, Кыргызстанда бир суткада 42 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинде 13 медицина кызматкери бар.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 12 адам айыкты

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 12 адам айыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Сабыржан Абдикаримов билдирди. Анын айтымында, өткөн суткада Ала-Бука райондук ооруканасында жаткан эки бейтап чыгарылган.   Бүгүн Жалал-Абад облустук ооруканадан дагы 10 кишини чыгаруу пландалууда. Буга чейин 25 кишинин айыкканы белгилүү болчу. Бүгүн кечке… Кененирээк…

Осмонбек Артыкбаевдин мандаты алынды

Бишкек ЖЭБиндеги чырга байланыштуу камалган Осмонбек Артыкбаевге чыгарылган сот чечими күчүнө киргенине байланыштуу ал депутаттык мандатынан ажыратылды. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, КСДПнын тизмеси менен парламентке депутат болуп келген Осмонбек Артыкбаевдин мандаты партиянын тизмесиндеги кийинки талапкерге өткөрүлүп берүүгө тийиш. Партиянын тизмеси боюнча депутаттык мандатка Чынара… Кененирээк…

АКШда бир суткада коронавирустан 1736 адам каза болду

Коронавирус пандемиясынан улам АКШда акыркы бир суткада 1 миң 736 адам каза болуп, сутка ичинде бул оорудан каза болгондордун саны боюнча рекорд койду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.   Буга чейин бул инфекциядан сутка ичинде эң көп каза болгон учур 4-апрель күнү катталган. Анда… Кененирээк…

8-апрелге карата 92 адам коменданттык сааттын талаптарын бузду

Өзгөчө абал киргизилген Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарында, Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондорунда кечки саат 20.00 эртең мененки 07.00 убакыттын ичинде коменданттык сааттын талаптарын бузганы үчүн 92 адам кармалган.   Алардын ичинен: Бишкек шаарында — 58, Ош шаарында — 5, Жалал-Абад шаарында — 12, Сузак районунда —… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 42 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда дагы 42 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов  билдирди. Ал белгилегендей, Бишкекте -10, Чүй облусунда – 2, Ош облусунда – 24, Жалал-Абадда – 1, Нарында 5 учур катталды   Дартка чалдыккандардын  ичинде 13 медицина кызматкери бар. Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19… Кененирээк…

COVID-19 вирусу тараган  Ухань шаарында чектөөлөр толугу менен алынды

COVID-19 вирусу тараган  Ухань шаарында чектөөлөр толугу менен алынды. Хубэй провинциясындагы бул шаар январдын аягынан бери толук изоляцияда болчу. Карантин маалында бардык окуу жайлар жабылып, коомдук автоунаалар токтотулган.   Шаардан тургундарына олуттуу себепсиз башка аймакка чыгууга уруксат берилген эмес.   Эми шаар кадимки жашоого кайтып… Кененирээк…

Бишкек мэриясынын расмий сайтында “Шаардыктарга жардам”  тиркемеси ишке кирди

Бишкек мэриясынын расмий сайтында “Шаардыктарга жардам”  тиркемеси ишке кирди. Муниципалитеттен билдиришкендей, тиркеме аркылуу жардамга муктаж ар бир жаран арыз калтыра алат.   Ал үчүн сайттагы анткетаны толтуруу керек. Арыздарды мэриянын кызматкерлери карап, жардамга муктаж жарандардын тизмесине кошот.