Аз камсыздалгандарга жардам берүүдө үй-бүлөнүн курамы эске алынат

Аз камсыздалгандарга жардам берүүдө үй-бүлөнүн курамы эске алынат. Социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоровдун айтымында, комиссия үй-бүлөлөрдү эки категорияга бөлдү.

 

Биринчиси – 5 адамга чейин, экинчиси – 5 адамдан көп. Ар бир категория үчүн азык-түлүк топтому ар кандай берилетю Министр белгилегендей, бүгүнкү күндө “Жардам штабынан” азык топтомун 49 миң үй-бүлө алды.