Ысык-Көл облусуна кирип-чыгуу эрежелери өзгөрдү

Ысык-Көл облусуна кирип-чыгуу эрежелери өзгөрдү. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, эми аймакка “Ак-Кеме” экологиялык посту аркылуу гана кирүү мүмкүн.   Кызыл-Омполдогу  посттон өтүүгө тыюу салынды. Андан облус аймагынан чыгууга гана уруксат. Бул жергиликтүү элдин саламаттыгын сактоо жана коронавирустун жайылуусун алдын алуу үчүн жасалууда.  Эске салсак, Ысык-Көл… Кененирээк…

Казакстандын жардамы менен дагы 32 кыргызстандык мекенине кайтты

Казакстандын жардамы менен дагы 32 кыргызстандык мекенине кайтты. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Индонезия, Тайланд жана Вьетнамдагы кыргыз жарандары казак өкмөтү уюштурган чартердик учак менен келишти.   Казакстандын аймагында эки күн кармалып, биздин өлкөнүн  Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте Бишкекке келишти. Учурда алар обсервацияда.

Кыргызстанда коронавирустан жалпысынан 145 адам айыкты

Кыргызстанда коронавирустан жалпысынан 145 адам айыкты. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, кечээ Бишкекте Республикалык жугуштуу оорулар клиникасынан 10 бейтап чыкты.   Алардын бирөө эпидемиолог. Ошондой эле Баткенде дагы бир дарыгер вирусту жеңди. Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны — 554.

Кыргызстанга Польшадан медицина адистери келди

Кыргызстанга Польшадан медицина адистери келди. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, алар Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун линиясы менен жөнөтүлдү.   Польшалык дарыгерлер Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө жергиликтүү дарыгерлерге көмөк көрсөтөт. Эске салсак, ошондой эле Кытайдан 15 адистин келиши күтүлүүдө.