Кыргызстанга Польшадан медицина адистери келди. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, алар Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун линиясы менен жөнөтүлдү.
Польшалык дарыгерлер Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө жергиликтүү дарыгерлерге көмөк көрсөтөт. Эске салсак, ошондой эле Кытайдан 15 адистин келиши күтүлүүдө.