Кыргызстанда дагы 14 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда дагы 14 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев жарыялады. Анын айтымында, Бишкекте 4, Чүйдө 2, Ош шаарында 4, Жалал-Абадда 3, Нарында    1 учур катталды.   Ушуну менен коронавирус жуктургандардын жалпы саны 568ге жетти.

Индияда жарыкка келген ымыркайга Санитайзер деген ысым коюлду

Индияда жарыкка келген ымыркайга Санитайзер деген ысым коюлду. Баланын ата-энеси уулу төрөлгөн маалды ар дайым эстеп жүрүшөрүн айтышкан.   Ошондой эле үй-бүлө пандемия бардык адамзатка тиешелүү экенин айтып, уулун Санитайзер деп атоосу менен алар коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө салым коштук деп эсептешет.

Кыргыз-казак чек арасындагы “Каркыра” сезондук өткөрүү түйүнүнүн ачылышын белгисиз мөөнөткө жылдыруу сунушталды

Кыргыз-казак чек арасындагы “Каркыра” сезондук өткөрүү түйүнүнүн ачылышын белгисиз мөөнөткө жылдыруу сунушталды. Республикалык штабдан белгилешкендей, коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында пунктту азырынча ачпай туруу зарыл.   Эске салсак, Ысык-Көлдөгү  “Каркыра” өткөрүү түйүнү адатта 1-майда ачылып, 1-ноябрга чейин иштейт.

COVID-19 вирусунун жайылышынын туу чокусунда обсервацияларда орундар жетиштүү болот

COVID-19 вирусунун жайылышынын туу чокусунда обсервацияларда орундар жетиштүү болот. Буга Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев ишендирүүдө.   Ал эске салгандай, Кыргызстанда 20-24-апрель аралыгында вируска чалдыккандардын саны кескин өсүшү мүмкүн.  Мындай божомолдорун адистер жана окумуштуулардан турган топ билдирген. Үсөнбаев билдиргендей, андан кийин оорунун басаңдашы… Кененирээк…

Нигерияда карантиндин тартиптерин бузган 18 адам өлтүрүлдү

Нигерияда карантиндин тартибин бузган 18 адам өлтүрүлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.   Маалыматка ылайык, Нигериянын күч түзүмүнүн кызматкерлери карантиндик чараларды сактоо боюнча иш-аракетинде 18 адамды өлтүрүштү. Адам укуктары боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Тони Оджуквунун айтымында, коопсуздук күчтөрү тарабынан адамдардын укугу тебеленгени боюнча 24 штаттан… Кененирээк…

Казакстанда дагы 2 бейтап коронавирустан каза болду

Кечээ, 19-апрель саат 23:10го карата Казакстандын Алматы шаарында дагы 2 бейтап коронавирустан каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазды.   Маалыматка ылайык, аталган инфекцияга бул ирет 62 жана 89 жаштагы бейтаптар туруштук бере албай калышкан. Муну менен Казакстанда коронавирустан каза болгондордун саны 19га жетти.… Кененирээк…

Нарында дааватчылыкка чектөө киргизилиши мүмкүн

Дааватка чыгууга чектөө киргизүү боюнча сунуштарды берип жатабыз. Бул туурасында брифинг учурунда Нарын шаары менен Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев билдирди.   Маалымат жыйын учурунда окурмандан «мындан кийин дааватчылыкка чектөөлөр болобу?» деген суроо келген. «Биз дааватчылыкка чектөөлөр боюнча мыйзамдын өзгөрүүсүнө сунуштарды берип жатабыз. Бул боюнча кийинчерээк маалымат… Кененирээк…

Посттон өтөм деп ок аткандар боюнча териштирүү башталды

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы Арашан айылында посттон өтөм деп ок чыгаргандар боюнча териштирүү башталганын кабарлады. Милициянын маалыматына ылайык, 18-апрель күнү түшкө жуук бир нече квадроцикл айдаган 10 чакты киши Арашан айылында жайгашкан посттон өтүүгө аракет кылышкан. Жергиликтүү тургундар, ыктыярчылар аларды өткөрбөй койгондуктан ортодо… Кененирээк…

Өзбекстан карантин режимин 10-майга чейин узартты

Өзбекстандын Республикалык атайын комиссиясынын чечими менен коронавируска байланыштуу карантин режими 10-майга чейин узартылды.   Мартта кабыл алынган алгачкы чектөөлөр 20-апрелде соңуна чыкмак.   Өлкөнүн баш калаасы Ташкентке башка аймактардан автоунаа каттамына тыюу салынган. 6-апрелден тартып бир катар шаар-кыштактар обочого алынган. Себепсиз көчөгө чыккандарга, беткап тагынбай… Кененирээк…

Баткенде медицина кызматкерлерине гуманитардык жардам берилди

Баткенде медицина кызматкерлерине гуманитардык жардам берилди. Жеке ишкерлер дарыгер жана медайымдарга бир каптан ун, кумшекер, макарон азыктарын тапшырышты.   Кошумчалап кетсек, Баткен облусунда 26 миң 641 үй-бүлө аз камсыздалган деп катталган.