Кыргызстанда коронавирустан жалпысынан 145 адам айыкты

Кыргызстанда коронавирустан жалпысынан 145 адам айыкты. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, кечээ Бишкекте Республикалык жугуштуу оорулар клиникасынан 10 бейтап чыкты.

 

Алардын бирөө эпидемиолог. Ошондой эле Баткенде дагы бир дарыгер вирусту жеңди. Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны — 554.