Казакстандын жардамы менен дагы 32 кыргызстандык мекенине кайтты

Казакстандын жардамы менен дагы 32 кыргызстандык мекенине кайтты. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Индонезия, Тайланд жана Вьетнамдагы кыргыз жарандары казак өкмөтү уюштурган чартердик учак менен келишти.

 

Казакстандын аймагында эки күн кармалып, биздин өлкөнүн  Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте Бишкекке келишти. Учурда алар обсервацияда.