Ысык-Көл облусуна кирип-чыгуу эрежелери өзгөрдү

Ысык-Көл облусуна кирип-чыгуу эрежелери өзгөрдү. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, эми аймакка “Ак-Кеме” экологиялык посту аркылуу гана кирүү мүмкүн.

 

Кызыл-Омполдогу  посттон өтүүгө тыюу салынды. Андан облус аймагынан чыгууга гана уруксат. Бул жергиликтүү элдин саламаттыгын сактоо жана коронавирустун жайылуусун алдын алуу үчүн жасалууда.  Эске салсак, Ысык-Көл облусунда коронавирус 8 адамдан аныкталган.