Ысык-Көлдө дистанттык окууга шарты жок 500гө жакын үй-бүлөгө сыналгы берилди

Ысык-Көлдө дистанттык окууга шарты жок 500гө жакын үй-бүлөгө сыналгы берилди. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей,  дистанттык окутуунун башталышы менен аймакта атайын мониторинг жүргүзүлүп, 502 үй-бүлөнүн телевизорго муктаж экендиги аныкталган.   Райондук билим берүү бөлүмдөрү, жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен бул көйгөй чечилип, жалпы 496 үй-бүлө… Кененирээк…

Бишкек көчөлөрүнүн 77 жерине бетон блоктор коюлду

Бишкек көчөлөрүнүн 77 жерине бетон блоктор коюлду. Бул тууралуу ордо калаа комендатурасынан билдиришти. Андан такташкандай, бул өзгөчө абал режимине байланыштуу шаарда жүргөн унаалардын санын кыскартуу үчүн киргизилген чара.   Эске салсак, Бишкекте өзгөчө абал 30-апрелге чейин киргизилген.

Мамлекеттик ипотекалык компания берген насыялардын пайыздык чени төмөндөтүлөт

Мамлекеттик ипотекалык компания берген насыялардын пайыздык чени төмөндөтүлөт. Уюмдан билдиришкендей, пайыздык чендер 2018-жылдын 1-ноябрына чейин берилген бардык ипотекалык насыялар боюнча 8-10 пайыздан 7-9 пайызга чейин азайтылат.   Ошондой эле “Жеке турак жай куруу” механизми боюнча берилген насыялардын жылдык пайыздык чендери да 8-12 пайыздан 7-11 пайызга… Кененирээк…

Нарын шаарында коронавирус жуктургандардын бардыгы айыкты

Нарын шаарында коронавирус жуктургандардын бардыгы айыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, калаада 5 адамдан COVID-19 аныкталса, бүгүнкү күндө алардын бардыгынын анализдери таза чыгып, үйлөрүнө чыгарылды.   Кочкор районунда дагы бир бейтап айыкты. Эске салсак, Нарын облусунда жалпысынан коронавирусту 73 адам жуктуруп… Кененирээк…