Нарын шаарында коронавирус жуктургандардын бардыгы айыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, калаада 5 адамдан COVID-19 аныкталса, бүгүнкү күндө алардын бардыгынын анализдери таза чыгып, үйлөрүнө чыгарылды.
Кочкор районунда дагы бир бейтап айыкты. Эске салсак, Нарын облусунда жалпысынан коронавирусту 73 адам жуктуруп алган.