Бишкек көчөлөрүнүн 77 жерине бетон блоктор коюлду

Бишкек көчөлөрүнүн 77 жерине бетон блоктор коюлду. Бул тууралуу ордо калаа комендатурасынан билдиришти. Андан такташкандай, бул өзгөчө абал режимине байланыштуу шаарда жүргөн унаалардын санын кыскартуу үчүн киргизилген чара.

 

Эске салсак, Бишкекте өзгөчө абал 30-апрелге чейин киргизилген.