Оштогу 86 карантиндик-санитардык түйүндүн 14ү ишин улантат.
Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдиргендей,
райондор аралык, облустун чек арасындагы жана Ош, Өзгөн,
Кара-Суу шаарларына кире беришиндеги посттор алынган жок.
Райондор арасында да эркин өтүүгө уруксат берилбейт.
Ал эми айылдардагы посттордун баары алынды.