Республикада коронавирус майдын аягында толугу менен токтошу ыктымал.
Профилактикалык медицина борборунун вирусологу Зуридин Нурматовдун айтымында,
акыркы беш күндө 87 бейтап катталды. Бул мурунку беш күнгө салыштырмалуу 9 адамга аз.
Божомол боюнча май айынын аягына, оору күн сайын катталбай калат. Эске салсак,
буга чейин вирустун туу чокусу 20-апрелден 24үнө
чейин деп белгиленген. 564 адам айыгып чыкты.